Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ошто эс алуу жайынан адамды тоноого шектүү жарандар кармалды

08.06.2022 16:59
445
Ошто эс алуу жайынан адамды тоноого шектүү жарандар кармалды
Ош шаарында тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

2022-жылдын июнь айында Ош шаардык милициясына 33 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, анын денесине жаракаттарды келтирип, жеке буюмдарын тартып алышкан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан.

 Ош шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринен жабырлануучуга белгисиз адамдар кол салып, күч колдонушуп, жеке буюмдарын тартып алышкан.
 Жарандан түшкөн кайрылуу боюнча ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүмү (Тоноо) менен кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы укукка каршы аракеттерди жасоого шектелген жарандардын өздүгү такталган. Шектүүлөр Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочулары (спорттун чеберлери) болушат. Бардыгы аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, алардын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийин соттун чечими менен бардык шектүүлөргө карата эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат боюнча бөгөт чарасы тандалган.

 Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн