Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто эттин баасын арзандатуу тапшырмасы берилди

16.08.2021 16:07
684
Ошто эттин баасын арзандатуу тапшырмасы берилди



Бүгүн, 16-август күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы жол, транспорт, монополияга каршы күрөшүү жана байланыш тармагынын жетекчилерин кабыл алды. Жолугушууда жетекчилер жыл башынан бери аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалымат беришти. Ош облусунун башчысы жетекчилер менен кышка даярдык, Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, билим берүү жана медициналык мекемелерди санариптештирүү тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.



Ошондой эле Зиядин Жамалдинов Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башчысына кайрылып, эттин баасын жөнгө салуу керектигин айтты.


“Мал базарларда малдын баасы төмөндөдү. Бирок, эттин баасы түшө элек. Сиздер эттин баасын төмөндөтүү боюнча иш алып барышыңыздар керек. Ош облусунун райондорунда бирдей баа болсун, райондордо эттин баасын Ош шаары менен салыштырбай арзан болушу зарыл ”,-деди Зиядин Жамалдинов.


Мындан сырткары, материалдык резервдер фондунда ундун баасы 1250 сом болуп жатканын айтып, жарандарга бул маалыматты жеткирүү тууралуу тапшырмасын берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн