Баш оона 22, 2025
Убакыт: 12:04
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Ошто каналга түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды

Ошто каналга түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Южный каналына түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жеткинчектер 11-июлда сууга түшүп кеткен. Аларды издөөгө куткаруучулар тартылып, бүгүн 9 жаштагы К.М., аттуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми 7 жаштагы жеткинчектин сөөгү жакындары тарабынан табылган.

Куткаруучулар балдарды суу объектилерине кароосуз калтыруу кооптуу экендигин эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн