Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто кыргыз кызга үйлөнүү үчүн Бельгия жараны ислам динин кабыл алды

09.11.2022 14:37
274
Ошто кыргыз кызга үйлөнүү үчүн Бельгия жараны ислам динин кабыл алды



Бельгиялык Альберто Вотир Кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушовго келишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.



Мирланбек ажы Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берди.


“Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот. Жаратуучу Алла Тааланын жалгыздыгына, Мухаммаддын (с.а.в.) Анын элчиси жана кулу экендигине чын жүрөктөн күбөлүк берген адамды мусулман деп эсептейбиз”, – деди Мирланбек ажы Токтомушов


Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн