Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 17:56
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар буздурулуп жатат

05.02.2025 15:36
20
Ошто кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар буздурулуп жатат


Ош шаарында кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар түрттүрүлүп жатат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.


Тийиштүү тапшырманы мэр Жеңишбек Токторбаев берген.


"Учурда Ленин көчөсүндөгү "Исламбек", "Атабек", "Кут ордо", "Анар" коомдук тамактануучу жайлары, "Азия" супермаркети жана мыйзамсыз орнотулган тосмолор курулуш ээсинин эсебинен буздурулуп жатат. Мындан тышкары, Масалиев, Курманжан Датка көчөлөрүндө дагы мыйзамсыз курулуштар алынууда", — деп айтылат маалыматта.


Шаар бийлиги жалпысынан кызыл сызыктан өткөн 100дөн ашык объектиге тиешелүү эскертмелерди берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн