Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто көмүр жана цемент чыгарган заводдор иштеп баштады

23.04.2020 13:05
1136
Ошто көмүр жана цемент чыгарган заводдор иштеп баштады


Ош облусунда ички өндүрүш ишке кирип баштады. Бул тууралуу 23-апрелде болгон брифингде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев айтты.


Анын айтуусуна караганда ички өндүрүшкө муктаждык пайда болууда.


“Биздин облуста чоң үч цемент завод бар. Ноокатта ЮГЦЗ заводу жана Аравандагы цемент заводдор ишке кирди. Аравандагы 2 завод ишин активдүү баштаганына 3-4 күн болуп калды. Аларды санитардык нормалар менен кезеке коюп жатабыз, анткени ички рыногубузда муктаждык пайда болду. Анан ЮГЦЗ заводуна да тетиктер керек болуп, биз Кытайдан тетик буйрутма берип жардам көрсөттүк. Ал тетиктер кечээ алынып келинди”, - деди Жылкыбаев.


Ал ошондой эле, облуста көмүр казуу менен кышка даярдык көрүүнү баштоо керектигин айтты.

                                                                     

“Биздин облуста көбүн эсе көмүр кендери жакшы иштейт.  Экспортко да, жарандарыбыздын муктаждыгына да жарайт. Аларга да иштегенге уруксат бердик. Анткени көмүр кендер айылдан алыс жайгашкан. Алар көмүрдү казып чыгарбаса да даярдык иштерин жүргүзө бериш керек”, - деди өкмөттүн өкүлү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн