Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто контрабандалык жол менен өрүк ташып келе жаткан унаа кармалды

16.06.2020 09:20
963
Ошто контрабандалык жол менен өрүк ташып келе жаткан унаа кармалды


Ош облусунун Ноокат районунда контрабандалык жол менен өрүк ташып келе жаткан жүк ташуучу унаа кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районунда Х.Д.Э. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Volvo” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 15218 кг болгон өрүк табылган. Кармалган товардын баасы 760 900 сомду түзөт.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн