Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Ошто коронавирус аныкталган мектептер автоматтык түрдө карантинге жабылат

19.04.2021 17:28
1329
Ошто коронавирус аныкталган мектептер автоматтык түрдө карантинге жабылат

Ош шаарындык мэриясында вице-мэр Эмил Шадыханов башында турган мэриянын эпиедмиологияга жана эпизоодикага каршы комиссиянын жыйыны болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.


Жыйындын жүрүшүндө коронавирус инфекциясын жана пневмонияны алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кырдаал каралды.

Жыйында Санитардык эпидемиологилык станциясынын жетекчисинин, саламаттыкты сактоо, билим берүү башкармалыгынын, Үй-бүлөлүк медициналык борборунун координаторлорунун маалыматтары угулду. И.Раззаков атындагы мектептин окуучуларынын арасында коронавируска чалдыккан фактылар аныкталганына байланыштуу аталган мектеп карантинге 14 күнгө убактылуу жабылып, окуу процесси онлайн форматка өткөрүлгөн.

"Эми Шаардык штабдын чечими менен Билим берүү башкармалыгы Санитардык эпидемиологиялык станциясынын адистери менен биргеликте окуучулар арасында оору аныкталган учурда мектептерди автоматтык түрдө карантинге жаба алышат. Бирок, биз билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана коомдук жайлардагы, билим берүү мекемелериндеги тартипти көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл”,-деди Э.Шадыханов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн