Ошто атын атагысы келбеген 4 дарыгер биргелешип илдет жугузуп алгандар менен иштеп жаткан 15 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк баштыктарын таратышты. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бул дарыгерлерлери 10 күн оорулууларды дарылап, мөөнөтү бүткөндө 14 күнгө обсервацияда болушат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн