Ошто күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21 сентябрь күнү саат 22:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Социализм жана Өзгөн районунун Куршап,Курбу-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн