Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-декабрында саат 18:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Жер титирөө Кара-Суу районунун Коммунизм, Жаңы-Арык айылдарында жана Ноокат районунун Алмалык, Жатан жана Үчбай айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген",- деп айтылат маалыматта.
ӨКМнын маалыматына ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн