Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 01:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошко курулуш компания 6 даана кычкылтек концентраторун берди

30.07.2020 10:01
980
Ошко курулуш компания 6 даана кычкылтек концентраторун берди

 

Курулуш компаниясы 6 даана кычкылтек концентраторун жардам катары берди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, “Сапат Global” курулуш компаниясы Ош шаарындагы кырдаалды эске алып 6 кычкылтек концентраторун тапшырган. Жардамга берилген кычкылтек концентраторлору шаардык клиникалык ооруканага өткөрүлүп берилген.


Билдирүүгө таянсак, аталган компания буга чейин да коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 150 миң сом которгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн