Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:28
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Ошто күйдүргүгө шектелип 8 адам ооруканага түштү. Малдын эти 34 үй-бүлөгө таратылган

12.08.2020 10:26
774
Ошто күйдүргүгө шектелип 8 адам ооруканага түштү. Малдын эти 34 үй-бүлөгө таратылган


Ош облустук бириккен ооруканасына күйдүргү жарасына (теринин формасы) шектелип, 8 адам жаткырылды. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунан билдиришти. 


Маалыматка караганда, бейтаптардын ичинен 1 адамда күйдүргү илдети лаборатордук жактан тастыкталды. 


"Алардын бардыгы тиешелүү дарылоодон өтүп, медициналык көзөмөлдө. 11-августка карата бейтаптардын абалы канааттандырарлык, алар тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. 


Лабораториялык изилдөө үчүн бардык бейтаптардан үлгүлөр алынды - жарадан кан, пункция алынып, Ош облусунун Чумага каршы бөлүмүнө жеткирилди, ветеринардык кызмат менен бирге малдарды (бодо малдарды) сойгон жерден топурактын үлгүлөрү алынды", - деп айтылат маалыматта. 


Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө, 25-июлда бодо мал союуга 9 адам катышкан. Эт Тогуз-Булак айылындагы 23 үй-бүлөгө (214 адам), Талдык айылындагы 7 үй-бүлөгө (56 адам), Кызыл-Байрактагы 1 үй-бүлөгө (3 адам), Беш-Мойноктогу 3 үй-бүлөгө (12 адам) бөлүштүрүлгөн. Жалпысынан 285 байланыш аныкталган, алардын бардыгы антибиотик профилактикасын алышып, медициналык көзөмөлдө.


Маалым болгондой, бактериоскопиялык ыкма менен жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөдө мал сойгон жайдан алынган топурактын үлгүлөрү оң натыйжасын берди. Бактериологиялык жана биологиялык ыкмаларды колдонуп, лабораториялык изилдөөлөр улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн