Бугу 10, 2024
Убакыт: 13:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ошто мектепке барбаган балдарга рейд жүрдү

23.09.2021 16:20
768
Ошто мектепке барбаган балдарга рейд жүрдү

Ош шаарында өтүп жаткан «Салам мектеп!» профилактикалык иш чарасынын жүрүшүндө, мектепке барбай жаткан өспүрүмдөр аныкталат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйруктарына ылайык, Ош шаарынын аймагында «Салам мектеп!» деген аталыштагы профилактикалык багыттагы иш чара өткөрүлүп жатат. Иш чараны өткөрүүгө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү муниципиалдык башкармалыктардын, социалдык жактан коргоо мекемелеринин кызматкерлери тартылышып, түзүлгөн иш мерчемге ылайык төмөндөгү иштерди алып барышууда:


-Оор социалдык шарттарда жашаган, мектептке барууга мүмкүнчүлүгү жок, же чектелген балдарды аныктоо, алар тууралуу социалдык жактан коргоо мекемелерине маалымат берүү, зарыл учурда аларды кризис борборлоруна, балдар үйлөрүнө, интернеттарга жеткирүү;

-Кылмыштуу чөйрөгө жакын болгон, мектепте билим алууга ынтызар болбогон өспүрүмдөрдү аныктоо жана тиешелүү профилактикалык иш чараларды жүргүзүү;


-«Салам мектеп» профилактикалык иш чаранын учурунда мектеп курагындагы, бирок мектептке барбаган жана мыйзамсыз эмгекке тартылган балдарды аныктоо. Ал үчүн бардык соода түйүндөрүндө, коомдук жайларда, интернет-кафелеринде, устаканаларда, айрым кичи өндүрүш мекемелеринде рейддик иш чараларды өткөрүү, аймактык комитеттер менен биргеликте мектепке барбаган өспүрүмдөрдү аныктоо.Бул иш чаранын негизинде талаптарды бузган айрым ата-энелерге, мыйзамсыз үчүн Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин 61-беренесине ылайык (Ата-энелик милдеттерден качуу) ылайык жазаналар салынууда. Рейддин соӊунда жалпы жыйынтыктары тууралуу толук маалыматтар берилет.


     Бул профилактикалык иш чара 21-сентябрда башталып, бүгүн рейддин акыркы күнү.

                 

                       

                                                                                  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн