Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендер мурда соттолгондор

16.01.2023 14:39
327
Ошто мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө шектелгендер мурда соттолгондор

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев  Оштогу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн өз ара тартышы тууралуу айтып берди.


Анын айтымында, кармалгандардын бары мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган:

- Раимберди уулу Акылбек 1995-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну;

- Коргонбай уулу Элеман 1995-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, алдамчылык жана бейбаштык үчүн кылмыш жообуна тартылган;

- Шакир уулу Курсантбек 1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну, адам өлтүрүү, опузалап талап кылуу, денеге оор залал келтирүү жана тоноо кылмышы үчүн жоопко тартылган;

- Чубаков Нурбек Камчыбекович 1991-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун Шамал-Терек айылынын жашоочусу, мурда тоноо фактысы менен соттолгон;

- Абдибали уулу Актилек 1992-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусу, мурда каракчылык, мыйзамсыз курал сактоо жана уурдоого айыпталган. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Тергөө кызматына жеткирилишти.


Мындан тышкары, учурда 1999-жылы туулган Асан уулу Ербол изделип жатат. Ал Кара-Суу районунун тургуну мурда соттолгон, УКТ мүчөсү катары ИМдин каттоосунда турат.


Бул иш боюнча алгач Женго каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов кармалып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.


Министрдин орун басары жабыркаган жана каза болгондор дагы УКТ мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турганын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн