Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:59
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ошто милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды

16.09.2022 09:31
417
Ошто милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Ички иштер министрлигинин ИКК менен биргеликте укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ("Опузалап пара алуу") кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине материал катталган.

"Ущул жылы 14-сентябрда кызмат адамдары тарабынан акча талап кылуу фактысын документтештирүү максатында Ош шаарында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБнын Ак-Буура шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Т.М.А. кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган кызматкер КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде УКМК Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайлар жана адамдар иликтенип, ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп, тергөө иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн