Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:42
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто мыйзамсыз жарнактар алынып, эскертүүлөр берилди

06.08.2022 12:19
562
Ошто мыйзамсыз жарнактар алынып, эскертүүлөр берилди


Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын нормаларына ылайык келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматкерлер тарабынан рейд жүрүп, “Курманжан-Датка” МАБда жана Жапалак айыл аймагында 100дөн ашык соода объектилеринин талапка ылайык келүүсү текшерилип, анда талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында 23 ишкерге тиешелүү эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилди. Мындан тышкары, ар кандай форматтагы жана көлөмдөгү 49 мыйзамсыз жарнак обьектилери алынды.

Мэриядан маалымдашкандай, тиешелүү көрсөтмөлөрдү алган ишкерлер мыйзамдын нормаларын белгиленген мөөнөттө аткарбаган учурда аларга карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат. Рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн