Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, алты адам каза болду

Ошто оор жүк ташуучу унаа оодарылып, алты адам каза болду


Ош облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып, алты кишини басып калды. Кырсыктын кесепетинен эки аял, үч кичинекей кыз жана бир ымыркай каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык Нариман Жаңы-Маала айылынын Касымбеков көчөсүндө болгон. Жеринде ӨКМнын куткаруучулары, милиция иштеп жатат. Каза тапкандардын тек-жайы такталууда.

Бир апта ичинде оор жүк ташуучу автоунаалар катышкан бир нече жол кырсыгы катталды. 22-июнда Бишкек-Ош трассасында бензовоз күйүп кетип, айдоочусу каза болгон. 23-июнда ушул эле трассада Volvo үлгүсүндөгү унаа менен Lexus-470 жол тандабас кагышып, эки киши мүрт кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн