Баш оона 25, 2025
Убакыт: 02:09
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Ошто ооруканага түшкөн 8 адамдын ичинен күйдүргү жарасы бирөөнөн тастыкталды

17.08.2020 10:23
1078
Ошто ооруканага түшкөн 8 адамдын ичинен күйдүргү жарасы бирөөнөн тастыкталды


Ош облустар аралык бириккен ооруканасына күйдүргү жарасына шектелип жаткырылган Ош облусунун Тогуз-Булак айылынын тургундары канааттандыраарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ооруканага жаткырылган 8 бейтаптын ичинен күйдүргү жарасы бир адамда тастыкталып, калгандарынын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары терс болуп чыкты.

"Аталган айылдын 288 жашоочусу 24-августка чейин адистердин көзөмөлүндө болушмакчы,  алардын бардыгында оорунун белгилери жок. Эпидемияга каршы иш-чаралар улантылууда", - деп айтылат маалыматта. 

Буга чейин Ош облустук бириккен ооруканасына күйдүргү жарасына (теринин формасы) шектелип, 8 адам жаткырылгандыгы маалымдалган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн