Бугу 15, 2024
Убакыт: 03:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ошто өз атасын өлтүрүп, качып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды (фото)

Ошто өз атасын өлтүрүп, качып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды (фото)


Ошто эркек киши атасын өлтүрдү. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарга таянуу менен жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, окуя Амир-Темур кичи районунда болгон.


«Кылмыш жасагандан кийин шектүү документтерди алып, такси менен качууга аракет кылган. Ал камакка алынды», - деп билдиришти шаардык ички иштер башкармалыгынан.


Ведомстводон билдиришкендей, адам өлтүрүү ата менен баланын ортосундагы чырдын негизинде келип чыккан.


«Маркум 68 жашта болгон. Алар бир короодо жашашчу. 14-августта уулу атасы менен уруша кетип, андан кийин бычак алып, бир нече жолу бычак менен сайып салган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду», - деп билдиришти мекемеден.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн