Бугу 07, 2024
Убакыт: 00:13
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Ошто "Женгонун" жан сакчысы кармалды (видео)

26.07.2021 12:05
647
Ошто "Женгонун" жан сакчысы кармалды (видео)

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка ылайык, 23-июлда Ош шаарында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ээнбаштыкка шектелген адам кармалды.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.А. кармалган. Ал мурда соттолгон Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген (положенец) «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.


Белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылдын 10-июлунда бир нече жаран менен биргеликте денеге залал келтирүү менен коштолгон ээнбаштык аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, алар Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучунун 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыкгын алып кетишкен.


\Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде катталган.


Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн