Бугу 15, 2024
Убакыт: 14:10
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Ошто шайлоого бир сутка калганда "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилди

10.07.2021 07:40
986
Ошто шайлоого бир сутка калганда "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилди

11-июлда кайрадан өтө турган шайлоого Ош шаарында "Ынтымак" партиясы катышпайт.  Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.


Белгилүү болгондой, 9-июлда БШК шайлоо өнөктүгү учурунда партиялар тарабынан кетирилген мыйзам бузууларды жана "Жалпы иш" фондунун "Ынтымак" партиясына жазылган арызын караган. 


Арызда "Ынтымак" партиясы добуш сатып алууга аракет кылганы келтирилген. БШК Ош шаардык милициясынын маалыматына таянып, партиянын мүчөлөрү акча тараптып жүргөндүгүнө байланыштуу шайлоодон четтетилди.


Отурумда Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мыйзам бузууларга чара көрүлбөгөнү сынга алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн