Түштүк аймагындагы шаар мэрлери жана акимдер үчүн семинар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасына ылайык, инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү жана региондорго инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу ошондой эле мамлекеттик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурууну колго алуу максатында “Бизнес пландарды даярдоо” жана “Протоколдук иш чараларды уюштуруу ” аталышындагы семинар өтүүдө. Семинарга түштүк аймагындагы акимдер жана шаар мэрлери катышууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн