Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:56
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Ошто вирус жуктургандар менен байланышкандардан анализ алынат

26.04.2020 12:59
1287
Ошто вирус жуктургандар менен байланышкандардан анализ алынат


Ушул жылдын 25-апрелинен баштап Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунун аймагында короновирус илдетине чалдыккан жарандар жашаган айылдарда атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор байланышта болгондорду, үй карантиндегилерди текшере башташты.


Республикалык штабдан билдиргендей, анда карантиндик талаптарды сактоо менен бул жарандардын дене табы текшерилип, ПЦР-анализдери алынат.


Буга чейин 25-марттан тартып мобилдик бригадалар үй карантинде болгон Ош облусунун 11 898 тургунун карап, бүгүнкү күндө үй карантинден 9 138 жарандарды көзөмөлдөн чыгарышты. 


Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандары, жакындары болгон 301 жаранды, Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн