Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ошто жанаша турган эки үй өрттөнүп, 3 адам жабыркады

Ошто жанаша турган эки үй өрттөнүп, 3 адам жабыркады

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы. болгон турак үй толугу менен күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоо жанында жайгашкан үйгө өтүп, жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен 59, 36 жана 56 жаштагы үч адам жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

"Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылып, таңкы саат 06:02де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн