Бүгүн, 29-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов "Ош-Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишканасынын инфраструктурасы менен таанышты. Алгач ишкананын атайын унаа кампасына барды, тазалоо боюнча күнүмдүк иштерди аткаруучу, таштандыларды ташуучу атайын унааларды жана жабдууларды көрдү. Мындан тышкары, автогараждагы административдик имаратты реконструкциялоо, жумушчулар үчүн 100 орундуу ашкананын курулушу, кампалардын оңдоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Андан соң, Алмаз Мамбетов рекультивациялоо боюнча иштерди жүргүзүү пландалган таштанды полигонунда болуп, жаңы полигонду куруучу аянтты көрдү.
"Ош-Тазалык" адистештирилген муниципалдык ишкананын жетекчиси Нурбек Исмаилов ишкана эки жыл аралыгында 50гө жакын жаңы техника менен камсыздалгандыгын белгилеп, жакынкы күндөрү жаңы жабдыктар келе тургандыгын айтты. Мындан тышкары, жөнөкөй жумушчулар үчүн заманбап ашкананын курулушу кызуу жүрүп жатат деп билдирди. Аны менен катар, кышка даярдык тынымсыз көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.
Жыйынтыгында мэр Алмаз Мамбетов абоненттер менен иштөөдө накталай эмес төлөм системасынын ишин илгерилетүүнү тапшырды, мындан тышкары абоненттерди көбөйтүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле, оңдолбой турган эски унааларды, атайын техникаларды жокко чыгаруу үчүн документтерди чогултуу боюнча иш -чараларды баштоону тапшырды. Мыйзам чегинде жокко чыгарылса, саттыкка коюп, ордуна жаңы техникаларды алууга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады.
Ишканада штаттык бирдик боюнча 378 адам бекитилген болсо, 01.09.2021-ж. карата бардыгы 341 адам эмгектенүүдө (37 жумуш оруну бош).
Абоненттердин саны 2020-жылдын 1-сентябрына 228 070 адам болсо, 2021-жылы 248 354 болуп, 20 284 адамга көбөйдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн