Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Ошто 100 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу жүрүүдө

12.08.2020 09:57
912
Ошто 100 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу жүрүүдө


Ош шаарында 100 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер ооруканасынын курулушу план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, объектте 70 адам жана 7 атайын унаа техникалары ишке тартылган.


"Учурда аткарылган иштер боюнча, эски имараттын бузулушу - 100%га, реанимация бөлүмүнүн пайдубалдарынын бетон иштери - 40%га, 1-бөлүмчөдө - 20%га жана 2-бөлүмчөдө - 20%га иштер аткарылган", - деп айтылат маалыматта. 


Белгитей кетсек, жалпы аянты 2627,7 чарчы метрди түзгөн оорукана тез курулуучу конструкциялардан курулат. Долбоор боюнча лабораториялык медициналык жай, реанимация бөлүмү жана чоң кишилер үчүн жугуштуу ооруулардын дартын аныктоочу, ошондой эле дарылоочу 2 бөлүм болот. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн