Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 01:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ошто журналист айым унаасы менен МАИ кызматкерин сүйрөтүп кетти (видео)

13.03.2020 14:38
2973
Ошто журналист айым унаасы менен МАИ кызматкерин сүйрөтүп кетти (видео)


Ош шаарында журналист айым Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын  кызматкеринин айтканын укпай, унаасы менен бир нече метрге сүйрөп кеткен.  Бул тууралуу аталган мекемеден тастыкташты.


Ага чейин окуя тууралуу видеону жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири жарыялаган болчу.  


“Журналист Жылдыз Бекбаева унаасын туура эмес жерге токтоткон. Мындан улам биздин кызматкер протокол толтуруу үчүн документтерин сураганда, журналист айым тийиштүү кагаздарды көрсөтпөй кыйкырып баштаган. Жол эрежесин бузган айым кетүүнү көздөгөндө, инспектор алдын тоскон, бирок ага карабастан кызматкерди унаанын капотуна жаткызып бир нече метрге чейин айдап кеткен”, - деп жазылат облустук ЖКККБнын берген маалыматында.


Маалыматка караганда жол инспектору Ош шаардык милициясына арызы менен кайрылган, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Ошондой эле, Жылдыз Бекбаева Ош шаардык кеңешине “Эмгек” партиясынан талапкер экени айтылат.




  


Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Батма
жазалаш керек журналист эмес башка болбойбу акмак
Бакытбек Бараков
Эмне концертке деп эле мамлекеттик кызматтагы адамды оз ишин аткарып жатканды тоготпостукка салаберсе болобу бул кылганы туура эмес мыйзамга баш ийишибиз керек тиги эжекени мыйзам чегинде жоопко тартышын талап кылабыз жана мындай каталарга улгу катары созсуз чара коруусун талап кылам анткени ал мамлекеттин кызматкери бул мамлекеттин абройу
Чыныбеков Марлис
Акылы томон айал озунун ким экенин корсотуптур кантип журналист болуп жургон