Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Оштогу “Барсбек” жана “Манас” эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат

22.09.2021 14:18
1147
Оштогу “Барсбек” жана “Манас” эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат

Оштогу “Барсбек” жана “Манас” эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.


Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасы жашылдандырылып, жарандар үчүн эс алуучу бактар курулат. Бүгүн, 22-сентябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасын жашылдандыруу боюнча долбоору менен таанышты.


Маалыматка ылайык: Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Манас” айланма жолдун айланасын жашылдандыруу жумуштары кийинки айда башталат. Ал эми “Барсбек” айланма жолунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караган бөлүгүнө курулуучу эс алуу бактын долбоору бүткөрүлүп, каржы булагы аныкталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн