Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:02
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Оштогу Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке дээрлик 33 млн сом зыян келтирилген

14.06.2022 10:52
1030
Оштогу Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке дээрлик 33 млн сом зыян келтирилген

Ош областтык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган бажы органынын кызматкерлери тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында бажылык коштоо үчүн 32 млн. 925 миң 200 сом өлчөмүндө жыйымдар чогултулуп, кийин атайын бажы эсебине чегерилгени аныкталган. Ал эми, мыйзамдарга ылайык, бул жыйымдар республикалык бюджетке алынууга тийиш.


Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде Түштүк-Батыш бажысы тарабынан көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен республикалык бюджетке кайтарылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн