Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Ошто баасы 300 миң сомдук алтын сөйкөлөрдү уурдаган жарандар кармалды

21.10.2021 14:17
675
Ошто баасы 300 миң сомдук алтын сөйкөлөрдү уурдаган жарандар кармалды


Ош ОИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында 2021-жылдын 20-октябрь күнү «Экстремист»  аталыштагы ыкчам иш чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши жасалгандыгы жөнүндө маалымат алынган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Маалыматта 2021-жылдын 5-январында түнкү саат 02:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну 36 жаштагы Х. Ш. өзүнүн турак жайында 2 баласы менен жаткан жерине белгисиз 2 адам беткапчан бастырып кирип, бычак менен коркутуп, үйүндөгү 300 000 миң сомдук алтын буюмдарын жана уюлдук кол телефонун карактап тартып алып кетишкени белгилүү болгон.


Окуя ошол эле күнү Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күнгө чейин кылмыштын бети ачылбай турган.


Ыкчам иш чаралардын жүрүшү менен окуя боюнча маалыматтар алынып, аталган кылмышты жасаган атуулдардын өздүктөрү такталып, мурда бир нече жолу соттолгон 34 жаштагы Х. Ф. жана 28 жаштагы М. уулу Ф. экөө биргеликте жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы аныкталган. Алардын жүргөн жерлери такталып, Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган жана далил буюм катары каракталган алтын буюмдар алынды.


Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен шектүү катары кармалышып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен. 

.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн