Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:16
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Маалымат катчы Оштун мэринин эжеси Бишкекте үй салып жатканын ырастады

20.04.2021 11:46
1781
Маалымат катчы Оштун мэринин эжеси Бишкекте үй салып жатканын ырастады


Жакынкы күндөрү "Temirov Live" порталы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкекте байлардын шаарчасында "хан сарай" салып жатат деген иликтөөсүн жарыялаган. Буга байланыштуу "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттиги мэрдин басма сөз катчысы Азамат Апсатаровго кайрылып, комментарий алды. 


Басма сөз катчынын маалыматына таянсак, Сарыбашевдин бир тууган эжеси жолдошу менен бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Алар Бишкекте үй салып жатканы чын. Бирок ал видеодо тартылган үй эмес. 


"Мындан сырткары, Алай районунун Гүлчө айылындагы үйдү Таалайбек Сарыбашев  бир туугандары менен биргеликте ата конушу катары оңдоп жатат. Ал үй-бүлөнүн ата конушуна болгон сыйы",- деп билдирди мэрдин басма сөз катчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн