Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен наристени издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ош облусу, Кара-Суу району. 26-сентябрь күнү Отуз Адыр а/а, Тойчу айылында 1997-ж.т. И.М. аттуу аял кичинекей кыздары (2018-ж.т. Х.С., 2020-ж.т. Х.С.) менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен тууралуу маалыма түшкөн.
Жергиликтүү тургундар тарабынан аялды жана анын 2018-ж.т. кызын суудан аман-эсен чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бүгүн жерине (2020-ж.т. Х.С.) издөө иштерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн