Футбол боюнча Франция улуттук курама командасынын мурдагы оюнчусу 40 жыл комада жаткандан кийин каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.
Белгилүү болгондой, профессионал футболчу Жан-Пьер Адамс 73 жашында каза болду. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүн комада жатып өткөрдү.
Футболчу 1982-жылы тизесинен алган жаракатына операция жасаткан. Дарыгерлердин катачылыгынан улам ал комага түшкөн. Ошондон бери 40 жыл комада жаткан.
Адамс Франциянын "Ницца", "Гимн" жана " Пари-Сен-Жермен" клубдарында ойногон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн