Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

ПЦР тесттер жетиштүү жана даярдалган 13 лаборатория ишин улантууда, - Үсөнбаев

20.10.2020 17:12
458
ПЦР тесттер жетиштүү жана даярдалган 13 лаборатория ишин улантууда, - Үсөнбаев


Эпидемиологиялык процесстин өсүшүндө даярдалган 13 лаборатория ишин улантууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында, ПЦР – тесттер жана керектүү каражаттар жетиштүү санда, аларды сатып алуу иштери уланууда. 


"Бүгүнкү күндө, республикага төрт лаборатордук комплект алынып келинди, алар региондорго таратылып, колдонула баштады. Мындан ары дагы лаборатордук жабдыктарды жаңылоо үчүн 10 комплектти сатып алууга тендер жүргүзүлдү. Бул убакыт ичинде 383 008 изилдөө жүргүзүлгөн, анын ичинен 16072 акыркы жумада жана 1016 акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн. Тастыкталган учурлар 14,5%ды түздү, күзгө чейин бул көрсөткүч 5%ды түзгөн. Башкача айтканда, тастыкталган учурлардын пайызы – жогору. Байланышта болгон бардык жарандардан анализ алуу керектелет",  - деди ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн