Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:11
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

ПЦР тесттердин жасалма анализдерин даярдаган кылмыштуу топ кармалды

15.01.2021 16:51
586
ПЦР тесттердин жасалма анализдерин даярдаган кылмыштуу топ кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын Сокулук жана Москва райондорундагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коронавирустун жоктугун билдирген ПЦР тесттердин жасалма корутундусун даярдап жүргөн кылмыш тобун аныктады. Бул факт бирдиктүү реестрге Кылмыш кодексинин 359-беренеси ("Документтерди жасоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


"Бул кылмыш тобуна кирген адамдар эч кандай лабораториялык изилдөө жүргүзбөй туруп, жарандарга ПЦР тесттин коронавирус жоктугун аныктаган жасалма корутундусун 1-2 саат аралыгында берип турушкан. Ал үчүн ар бир жарандан үч миң сомдон акча алышкан", - деп жазылат билдирүүдө.


Бул факты боюнча шектелип К.Т. жана Т.у.Б. аттуу жарандар кармалган. Алардын үйүн тинтүү учурунда Кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандар үчүн алдын ала даярдалган жасалма корутундулардын кагаздары табылган.

Учурда бул ишке башка адамдардын, анын ичинде медициналык мекемелердин кызматкерлеринин тиешеси бар-жоктугун аныктоо иштери жүрүп жатат. Ал эми кармалган жарандар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камоочу жайына киргизилди

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн