Чын курандын 13, 2025
Убакыт: 13:10:37
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Пакистанда жүргөн кыргыз жаранынан коронавирус табылды

23.03.2020 13:18
841
Пакистанда жүргөн кыргыз жаранынан коронавирус табылды


Пакистанда жүргөн кыргыз жаранына коронавирус табылды. Бул тууралуу 23-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.


Маалыматка караганда, 57 жаштагы кыргыз жараны 60, 42 жана 24 жаштагы төрт мекендеши менен Пакистанда даават кылып жүргөн. Бешөө тең ал жакта консулдук каттоого турган эмес жана жардам сурап элчиликке кайрылган эмес.


Оору табылган кыргызстандык учурда Исламабад шаарынын PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасында жатат, калган төртөө карантинге алынды.


Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабаддын администрациясы менен байланышта турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн