Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:57
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Пакистандын ТИМ башчысы ооруканадагы мекендешинен кабар алды

22.05.2024 10:13
126
Пакистандын ТИМ башчысы ооруканадагы мекендешинен кабар алды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын ТИМ башчысы Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар эки өлкөнүн достук мамилесине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.


"Байсалов Пакистандын өкүлүн Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле жасаларына, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартыларына ишендирди", — деп айтылат маалыматта.


Тараптар пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти. Маалыматта ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгын талкуулашканы айтылат.


Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышкан.


Эске салсак, 13-майда төрт кыргыз бала чет элдиктерге кол салып, мушташ чыккан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн