Палестинанын батыш тарабында израиль аскерлери басып алган аймакта аскерлер курулуп жаткан мечитти бузуп салды. Бул тууралуу "Анадолу" басылмасы жазды.
Палестинанын жерин басып алган аскерлер ал жердеги кудукту да таштар менен толтуруп салган.
Жергиликтүү аларга каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок алар талаш аймакта мечит курууга уруксат кагазы болгон эмес деген жооп кайтарышкан.
Мындан сырткары, Израилдиктер Палестинанын басып алган аймактарындагы үйлөрдүн баарын бузуп салабыз деп коркутушуп келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн