Бугу 08, 2024
Убакыт: 10:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.960
0.980

Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

05.10.2021 11:46
1415
Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашат.


Белгилүү болгондой, памирлик кыргыздар бийик тоолуу катаал табигый климаттык шартта жашашат жана бул жерге суук дээрлик эрте түшөт.


"Памирлик кыргыздар үчүн 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна макарон, 4000 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз, 10 тонна кумшекер сатып алынган. Бул кыш мезгилинде азык-түлүк менен толук камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда гуманитардык жүк белгиленген жерге жеткирилип, памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү", - дешет мекемеден.

https://www.super.kg/mobile/kabar/news/380341/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн