“Талибан” өкүлдөрү Памирлик кыргыздарга тийбейт. Бул тууралуу Памирден Кыргызстанга көчүп келген Абдугафар Абдурасул "Али Токтакунов медиахабына" билдирди.
20 күн мурда болжол менен 40 үй-бүлө Тажикстанга чейин келгенин, талибдер кайра алып кеткенин айтты.
“Памирдеги туугандарым менен кечээ сүйлөштүм. 20 күн башта “Талибан” өкүлдөрү памирлик кыргыздарга тийбестигин айтыптыр. Памирди силер коргоп турасыңар. Силерге жардам көрсөтөбүз,”- деген экен!,- дейт Абдугафар Абдурасул.
Белгилей кетсек, Ооганстанды талибандар толук көзөмөлгө алып, бийликти өздөрүнө өткөрүп алууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн