Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Панфилов районунда милиция кызматкерин сабагандар кармалды

Панфилов районунда милиция кызматкерин сабагандар кармалды

Панфилов районунда укук коргоо органынын кызматкерине кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Белгиленгендей, 16-февралда саат 04:50 чамасында Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Чалдовар - Автодорожный постунда милиция кызматкерлерине кол салуу болгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн.


Окуя болгон жерге жөнөп кеткен ыкчам кызматкерлер 16-февраль күнү саат төрттөр чамасында үч белгисиз адам эч себепсиз алкоголдук мас абалында Чалдыбар айылындагы өткөрүү пунктунун жанында коомдук тартипти кайтарып турушкан милиция кызматкерлерине кайрылышып, алардын бирин сабаган.


Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Панфилов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 18-февралда полиция кызматкерин сабаган 2000-жылы туулган К.Н., кармалгандыгын билдирди.

Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары, калган кол салуучулардын өздүгү аныкталды - 1999-жылы туулган Т.А жана К.А., алар менен тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Керектүү экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн