Чүй облусундагы Панфилов райондук электр тармактарында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган мекеменин материалдык жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 1 млн 605 миң 749 сом болгон товардык-материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө материалдык зыян 1 млн 605 миң 749 сом толугу менен өндүрүлүп, кылмыш иши негизинен кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.
Учурда иш кароо алдында турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн