Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды

Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы  кармалды

 Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы  кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

          Кыргыз Республикасынын УКМК, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.

   

      Мурда, КР УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган. 


   Кармалган адам, сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

   2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы Б.А.М. кармалды.

   Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


     

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн