Журналист жана блогер Асылбек Абдрахманов (Бектенов) Каракол шаардык соту тарабынан 30-августка чейин бир айга үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу журналист Назгүл Мамытова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, 24 саат бою үйүнөн сыртка чыкпоого, себептер болсо тергөөчүнүн же соттун макулдугу менен сыртка чыгаары милдеттендирилди. Ал эми тергөө улана берет.
Асылбек Абдрахманов жергиликтүү тургундун арызынын негизинде опузалап акча
талап кылууга шектүү катары Ысык-Көл облустук милициясы тарабынан
кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн