Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Пара талап кылган Биринчи Май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

03.04.2023 20:42
648
Пара талап кылган Биринчи Май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

20 миң сом пара талап кылган Биринчи Май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 000 сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.


Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүшүндө ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте опузалоо фактысы боюнча шектүү делип, Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын А.Ж. аттуу тергөчүсү УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө жеткирилди.


Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 


ИИМдин Ички иликтөө кызматы өз катарларын тазалоо иштерин улантат жана милицияга адашып келип калган адамдардан, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен ички иштер органдарынын беделин түшүргөн таза эмес кызматкерлерден арылат.


Азыркы учурда коррупцияланган кызматкерлерди аныктоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.



Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Нуржан
Бул бала 20миң сомго муктаж эмес болчу,жанындагы эле шайтандар кылды, ушинтип коррупциядан тазаланабыз деп показуха кылып жатасыңарбы,бети жоктор.
Нуржан
Эшектер жаш балдарды подстава кылып кармап, өздөрүн сонун көргөзгөн карышкырлар, ушул орозо айында ушундай ишти кылгандан кантип корккон жоксунңар,ак ийилет бирок сынбайт, жакшылык көрбөй калгыла .