Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:34
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Парламентте Атамбаевдин экс-президент статусун калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлдү

07.12.2022 19:55
1380
Парламентте Атамбаевдин экс-президент статусун калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин жыйынында Сеидбек Атамбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун ишин текшерүү боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.


Конституциялык соттун судьялыгына талапкерлигин кароодо эл өкүлү Фемиданын кызматчыларына ишенбей турганын билдирди. Ал белгилегендей, адамга Кудайдан үч кесип – мугалим, соттор жана дарыгер берилет.


"Конституциялык соттун мыйзамдын артка күчү жок деген чечими бар. Бул принцип боюнча, анда экс-президент Алмазбек Атамбаевге “экс” макамын кайтарып, мындай чечим чыгарган сотторду жазалоо керек. Карыбек Дүйшеев (Конституциялык соттун экс-төрагасы) азыр кайда? Эгерде мыйзам артка карай күчкө ээ болсо, анда Сооронбай Жээнбековду артыкчылыктардан ажыратуу керек. Эгер эл мамлекет башчысын кызматтан кетирсе, анда кылмыш ишин козгоо зарыл. 2020-жылы митингде, пандемия учурунда канча адам жабыр тартты?! Эч ким компенсация алган жок. Жээнбековдун кадрлары жооп бериши керек. Келгиле, коллегалар, комиссия түзөлү. Буга саясий баа берүү керек”, - деди Сеидбек Атамбаев.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
974
Туптуура кошулам,Чмо Сокенин экс макамын алыш керек далдыратпай
Данияр
Эмнесине экс президент атамбайып чалчактап кооп кеткен оозуна келгенди оттоп коп акчаны жеп кетти казак кыргыз мамилесин бузду дачасуудагы элден чогулган акчаны да он бербей жеп ичишти акмакчылык, мындай иштери ондоп саналат туз журуш керек эле эл чечет
Улан
Абдан туура