Бирдин айы 05, 2025
Убакыт: 11:55
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.870
0.910

Парламентте Координациялык кеңештин жыйынын өттү

23.01.2025 11:46
191
Парламентте Координациялык кеңештин жыйынын өттү


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин Координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынга төраганын орун басарлары, фракция лидерлери, тармактык комитеттердин төрагалары жана Аппараттын жетекчилери менен бөлүм башчылары катышты.

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу өлкөдө өткөрүлө турган эл аралык иш-чаралардын жана чет мамлекеттердеги иш сапарлардын планы боюнча учкай кеп кылды.

Муну менен катар жыйында эл өкүлдөрүнүн ишине байланышкан айрым маселелер талкууланып, мыйзам чыгаруу органынын аброюн арттыруу жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды. Тагыраагы Төрага депутаттык этиканын эрежелерин сактоо маселесине көңүл бурду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн