Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 18:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Парламентте чиновник оорусу боюнча өргүүдө болсо, аны кызматтан алууга тыюу салууну сунушталды

12.07.2022 12:55
572
Парламентте чиновник оорусу боюнча өргүүдө болсо, аны кызматтан алууга тыюу салууну сунушталды


Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

 

Анын айтымында, азыркы редакцияда карама-каршылык бар жана анын айрым беренелери Эмгек кодексине карама-каршы келет.

 

Жоболордун биринде “Убактылуу эмгекке жарамсыздык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча кызматкерди бошотууга тоскоолдук болуп саналбайт” деп жазылган. Ошол эле учурда Эмгек кодекси кызматкер ооруп калганда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болгон учурда аны иштен бошотууга жол бербейт. Ишкананын жоюлушу же иш берүүчүнүн өзүнүн ишин токтотуу учурунда гана мүмкүн болуп саналат.

 

Эл өкүлү мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда эгерде кызматкер жеке себептери боюнча жана өз эсебинен жумушта же өргүүдө болсо, же ооруп калса, кызмат адамдарын бошотууга тыюу салган жобону белгилөө зарыл деп эсептейт. Нурбек Сыдыгалиев бул пунктту киргизүү менен мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери соттук териштирүүлөрдөн жана миңдеген компенсацияларды төлөөдөн кутулат деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн