Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2020-жылдын 20-декабрына белгиленди. Мындай чечим бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кабыл алынды.
Буга чейин 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарган болчу.
Парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар үч күндүн ичинде арызын БШКга тапшырышы керек. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп, дал ушул мыйзам долбоорлорун карайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн